КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык округунун айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XLIII-сессиясынын
2024-жылдын 26-августу №64
Баткен районунун аймагында административдик-аймактык реформа боюнча долбоор сунушун кароо жөнүндө
2023-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусунун аймактарында администратвдик-аймактык реформанын концепциясын аткарууга алуу максатында, Баткен районунун аймагында администратвдик-аймактык реформа боюнча сунуш долбоорун карап чыгып Кара-Бак айылдык аймагы КР Прездиенттин АТР саясатына туура келгендигин эске алып, Кара-Бак айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XLIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Баткен районунун аймагында администратвдик-аймактык реформа боюнча комиссиясына төмөнкү эки вариантта сунуш берилсин:
- Азыркы Кара-Бак айылдык аймагы учурдагы курамы менен өзгөрүүсүз калсын.
- Кара-Бак айыл аймагы менен Төрт-Гүл айыл аймагы жайыттары менен биригип, борбору Кара-Бак айылы болсун.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдулук, боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Fйылдык кеңешенин төрайымы |
Ж.Шадиманова |