Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык округунун айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XLIII-сессиясынын

 

2024-жылдын 26-августу №66

 

Кара-Бак айыл аймагындагы ички чарбалык каналдар тик кудуктар жөнүндө.

 

 

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”  мыйзамына ылайык,  

Кара-Бак айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Темиркуловдун билдирүүсүн угуп, Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Кара-Бак айыл аймагындагы ички чарбалык каналдарды, тик кудуктарды жана насосторду Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин. 

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын

Айылдык

кеңешенин төрайымы

 

Ж.Шадиманова