Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык округунун айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XLIII-сессиясынын

 

2024-жылдын 26-августу №67

Кара-Бак айыл  өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү-толуктоо киргизүү жөнүндө.

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ 

1. Айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын III-кварталына карата, жергиликтүү бюджетинин сметасына киргизилген өзгөртүүлөрдүн жалпы суммасы 985,0 мин сомду, чарбалык материал жана товарларды сатып алуу үчүн 2222 статьясына-160,0 мин сом, жакыр үй бүлөлөргө жардам көрсөтүү боюнча 2721 статьясына 60,0 мин сом жана түрдүү чыгымдар боюнча 2215 статьясына 320,0 мин сом, машина жана оборудованиялар боюнча 3112 статьясынан -985,0 мин сом жылдырып бектилсин. (Статьялар боюнча тиркеме тиркелет).

      

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

 

Айылдык

кеңешенин төрайымы

 

Ж.Шадиманова