Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык округунун айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XLIII-сессиясынын

 

2024-жылдын 26-августу №72

Көчөлөргө бөлүнгөн электр мамыча жана трасформаторлор үчүн каражат бөлүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ 

  1. Кара-Бак айыл аймагынын 9 айлык бюджетти кароо учурунда кошумча түшкөн каражаттын эсебинен Кара-Бак айылынын 2024-жылкы бюжетине кирген көчөлөргө бөлүнгөн электр мамыча жана трасформаторлорду айыл өкмөттүн бюжетинен аткарылсын.
  2. Баткен ПЭСтин 2024-жылкы планына кирген көчөлөрүнө мурда Кара-Бак айыл өкмөтү тарабынан коюлган электр мамычалар эскилиги жеткен көчөлөргө жылдырылсын. Жунусов Айтбай жана Саттаров Турдубай көчөлөрүнө коюлган 0,4 электр мамычалар Сайдаров Махаматрасул көчөсүнө жылдырылсын жетпегенин Кара-Бак айыл аймагынын 9 айлык бюджетти кароо учурунда кошумча түшкөн каражаттын эсебинен каралсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

Айылдык

кеңешенин төрайымы

 

Ж.Шадиманова