Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык округунун айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XLIII-сессиясынын

 

2024-жылдын 26-августу №74

Кара-Бак, Чет-Кызыл айылдарына видео-камера үчүн каражат бөлүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ 

  1. Кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-үлөлүк зордук-зомбулуктарды болтурбоо максатында Кара-Бак жана Чет-Кызыл айылдарына видео камералерды сатып алуу үчүн каражат 9 айлык бюджетти кароо учурунда кошумча түшкон каражаттын эсебинен бөлүп берилсин
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.

Айылдык

кеңешенин төрайымы

 

Ж.Шадиманова