Редакцияот 26.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык округунун айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз XLIII-сессиясынын

 

2024-жылдын 26-августу №75

Бай-Кара-Бак айылындагы 2,40га, 5,0га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жер” түрүнө которуу жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын 15.07.2013-жылдагы №145 “Жерлерди которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 13-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.03.2014-жылдагы №169 сандуу токтомун жана “Кыргызмамжердолбоор” Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын 12.12.2019.01-13/1371, 10.01.2020.01-19/11 сандуу аныктамасынын негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Кара-Бак айыл аймагынын тургундары:

Тайиров Муратбек Абдимомунович   -2,40 га,

Балтаев Жолдошбай Полотвич    - 5,0 га  көп жылдан бери өздөштүрүп бак тигип, пайдаланып жүргөн жер аянттарын “чополуу жайыт” жер түрүнөн “айыл чарба багытындагы жерлер” түрүнө которууга макулдук берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

 

Fйылдык

кеңешенин төрайымы

 

Ж.Шадиманова