Редакцияот 07.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II- сессиясы

 

2024-жылдын 7-марты № 2.5/2

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022—жылдын 6-сентябрь ПЖ №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш-аракеттер планы” жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022—жылдын 6-сентябрь ПЖ №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш-аракеттер планын” жобосун бектип берүү максатында Майдан айылдык Кеңеши

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы 2022—жылдын 6-сентябрь ПЖ №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү иш-аракеттер планын” жобосу бекитилсин

2.     Майдан айыл аймагынын көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга, тазалыкты сактоого акча каражаты бөлүнсүн. Акча каржатын бөлүп берүү жагы Майдан айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы К.Токтосуновго милдеттендирилсин;

3.     Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ахмедовго жүктөлсүн.

Төрага

А.Насиров