Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III- сессиясы

 

2024-жылдын 5-апрели № 3/2

“Ай-Саан ККД” ЖЧКсына жол курууга макулдук  берүү жөнүндө

“Ай-Саан ККД” ЖЧКсынын Майдан айыл аймагына тиешелүү жерден сервитут катары өтүүчү  илгерки жайыт пайдалануучулар колдонгон эски жолду реконструкциялоого жана пайдалануу максатында кайрылуусун талкуулап  Майдан айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 19.03.2024-жылындагы №1-13/1322 катында такталып контурлары көрсөтүлгөн, узундугу 10 км, а жалпы аянты 6,04 га Кадамжай районунун Майдан айыл аймагына тиешелүү жерге       “Ай-Саан ККД” ЖЧКсына эски жолду реконструкциялоого жана пайдаланууга уруксат берилсин;
  1. “Ай-Саан ККД” ЖЧКсы менен Майдан айыл Өкмөтүнүн ортосунда келишим түзүлсүн;
  1. Келишимде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тиешелүү төлөмдөрү, ижара акысы көрсөтүлсүн жана Майдан айылдык Кеңешинин койгон протоколдук талаптары кошумча камтылсын;
  1. Келишим 5 (беш) жылдык мөөнөткө түзүлүп мөөнөтү бүткөндө мыйзам чегинде узартылсын (пролонгациялансын);
  1. Келишим аткарылбаган учурда бир тараптуу жокко чыгарылуу жагы эскертилсин;
  1. Ошол айланада иш алып баруучу, аталган жолдон пайдалануучу коңшулаш лицензиясы бар ЖЧКларды жолду реконструкциялоого жана аларды Социальдык спонсордук жардамга кеткен чыгымдарга тартып, өз салымдарын кошууга бириктирүү жана уюштуруу “Ай-Саан ККД” ЖЧКсына тапшырылсын;
  1. Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайытына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын. 

Төрага

А.Насиров