МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III- сессиясы
2024-жылдын 5-апрели № 3.9
“Исфайрамсай” ЖЧКсына кичи ГЭС курууга макулдук берүү жөнүндө
Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 3-пунктуна ылайык “Исфайрамсай” ЖЧКсынын кайрылуусун талкуулап Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кадамжай районунун Майдан айыл Өкмөтүнүн 2010-жылдын 14-декабрындагы №1786 шифр №2808 административтик чек арасын белгилөө долбоору материалына ылайык Майдан айыл Өкмөтүнүн аймагындагы “Сурма-таш” мамлекеттик жаратылыш коругунун буфердик аймагына кирген 1,83 га жер аянтына кичи ГЭС курууга “Исфайрамсай” ЖЧКсына макулдук берилсин;
- Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайытына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Майдан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Төрага | А.Насиров |