Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III- сессиясы

 

2024-жылдын 5-апрели № 3.11

Майдан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Ахмедовтун №01-15/55 сунуштама каты  жөнүндө

Майдан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Ахмедовтун сунуштамасын канаттандыруу максатында  Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Майдан айыл аймагындагы МФнун айдоо кайрак 52,0 га жер аянтын эгин эгүү амалы келип калгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык мыйзам чегинде  1-жылга келишим түзүү менен  ижарага берилсин;
  1. Майдан айыл аймагындагы МФнун айдоо сугат 25,0 га, тыт плантациясы 17,0 га жер аянты аукционго коюулсун;
  2. Ушул токтомдун аткарылышын  айыл өкмөттүн жер адиси Б.Хожихановко милдеттендирилсин ;
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Насиров