Редакцияот 05.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз III- сессиясы

 

2024-жылдын 5-апрели № 3.12

 Майдан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Ахмедовтун сунуштама №01-15/59 каты  жөнүндө

Майдан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Ахмедовтун сунуштамасын канаттандыруу максатында  Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Майдан айыл аймагына караштуу айылдардын ички жолдору 6-9 метрге ал эми ички арыктардын жээктери 4 метрге кеңейтилсин;
  1. Айыл өкмөттүн айылдарында ген планы түзүлсүн. Ген план түзүү үчүн керектелүүчү акча каражаты 6 айдын жыйынтыгы менен ажыратылсын;
  1. Ушул токтомдун аткарылышын  айыл өкмөттүн жер адиси Б.Хожихановко милдеттендирилсин ;
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Насиров