Редакцияот 17.05.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз IV- сессиясы

 

2024-жылдын 17-майы № 4.3/1

  

Айрыбаз айылындагы кесиптик лицейдин түштүк тарабынан 0,40га жер муниципалдык баланска алуу жөнүндө.

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылындагы кесиптик лицейдин түштүк тарабынан 0,40 га жер муниципалдык баланска алуу максатында Майдан айылдык Кеңеши

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Айрыбаз айылындагы кесиптик лицейдин түштүк тарабынан 0,40 га жер муниципалдык баланска алынсын;
  1. 0,40 га жерге 3 кабаттуу, 3 подьездүү, ар бир подьезде 1 комнаталуу (ашкана, даараткана, душ ж.б шарттары менен) 12 квартира, жашпы 36 квартиралуу алдында ишканасы жана балдар аянтчасы менен социалдык үй курулсун жана долбоор даярдалсын;
  1. Долбоорду (проект-сметасы, рабочий проектиси ж.б.у.с.) даярдоо жагы айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин;
  1. Долбоорду даярдоо мөөнөтү 1 ай жана социалдык үйдүн курулуп бүтүш мөөнөтү ушул жылдын аягы деп белгиленсин;
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Төрага

А.Насиров