Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 6-сентябры ПЖ № 256
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 10-октябрындагы ПЖ №293, 2024-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 322 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42-беренесинин 3-бөлүгүн, "Административдик-аймактык реформанын алкагында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, кайра уюштурууга алып келген тиешелүү аймактык бирдиктердин чек араларынын өзгөрүшүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештери 1-тиркемеге ылайык таркатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Бишкек жана Ош шаарларынын, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2-тиркемеге ылайык 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо административдик-аймактык реформанын алкагында өзгөртүүлөрдү мыйзамдык жөнгө салууну эске алуу менен өткөрүлсүн.
4. Шайлоо аракеттеринин башталган күнү болуп 2024-жылдын 17-сентябры аныкталсын.
41. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин иши башталганга чейин:
- административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөртүлгөн айыл аймактарынын, шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттерге өзгөртүүлөрдү бекитүү боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот деп;
- административдик-аймактык реформанын алкагында чек аралары өзгөртүлгөн шаарлардын мэрлери төмөнкүлөр боюнча ыйгарым укуктарга ээ болот деп:
жергиликтүү жыйымдарды киргизүү; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жана товарлардын керектөө тарифтерин жана ченемдерин жана жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлүүчү инвестициялык макулдашууларды ишке ашыруу үчүн муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга өткөрүп берүү, кредиттерди алууга макулдук берүү жана муниципалдык менчик объекттерин күрөөгө берүү тартибин бекитүү; жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен тургузулган электр менен жабдуу объекттерин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүгө жана мамлекеттин менчигиндеги жылуулук менен жабдуу объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү; укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөрдү киргизүү;
жергиликтүү кеңештердин аппараттарынын кызматкерлерин кызмат орундарына дайындоо, кызмат орундарынан бошотуу жана өргүүлөрдү (эмгек өргүүсү, бала багуу боюнча өргүү, эмгек акы сакталбаган өргүү) берүү;
жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун алардын расмий сайттарында, жалпыга маалымдоо каражаттарында, көрүнүктүү атайын жерлерде (такталар, стенддер) коомдук талкуулоо жол-жобосун өткөрүү үчүн жайгаштыруу жөнүндө жергиликтүү кеңештердин аппараттарына тапшырма берүү;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларынын ушул пункттун 1-пунктчасынын экинчи, төртүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн чечимдери андан ары жаңы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештердин сессиясында бекитилүүгө тийиш деп;
3) пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында 2024-жылга жергиликтүү бюджеттерди бекиткен шаарлардын мэрлерине алар тарабынан бекитилген жергиликтүү бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ыйгарым укуктар берилет деп;
4) ушул пункттун 1-пунктчасынын экинчи, төртүнчү абзацтарында, 3-пунктчасында көрсөтүлгөн маселелер боюнча чечимдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш деп.
(КР Президентинин 2024-жылдын 14-ноябрындагы ПЖ № 322 Жарлыгынын редакциясына ылайык)