Редакцияот 05.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V- сессиясы

 

2024-жылдын 5-июлу № 5.2

  

2024-2025-2026-жылдарга Майдан айыл аймагына Социалдык экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2017-жылдык 21-июльда кабыл алган №123-8/261 буйругу менен “Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы” жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруудагы “Майдан айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасын” бекитүү  максатындаМайдан айылдык Кеңеши   

 

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Майдан айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин;

2.    2024-2025-2026-жылдарга Майдан айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында кабыл алынган иш чараларын планы жактырылсын;

3.    Майдан айыл аймагынын 2024-2025-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасында кабыл алынган иш чараларды айылдык Кеңештин алдында тармактар боюнча туруктуу комиссиялар аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштер айылдык кеңештин сессияларында кароо жагы милдеттендирилсин;

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөткө жүктөлсүн.

Төрага

А.Насиров