МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V- сессиясы
2024-жылдын 5-июлу № 5.4/1
Майдан айыл аймагына социялдык мекемелерди куруу үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө.
Майдан айыл аймагына социялдык мекемелерди куруу максатында Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майдан айыл аймагынын Келечек участкасынан 11,0 га жер жетим балдар үчүн жана муктаж болгон жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына билим берүү мекемесин, орто кабаттуу үйлөргө, ФАП, Больница, мечит, бала бакча куруу үчүн “Халича” кайрымдуулук коомдук фондуна жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин;
- Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайытына жарыяланып мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн;
- Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Ахмедовго жүктөлсүн;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А.Насиров |