Редакцияот 05.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V- сессиясы

 

2024-жылдын 5-июлу № 5.4/3

Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү  жөнүндө.

 

            Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга миниципалдык башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктун Уставын жетекчиликке алуу менен USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен биргеликте иштелип чыккан Майдан айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга кызматтарды жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын жакшыртуу планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен Мониторинг жана баалоо тобун түзүү максатында Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

  1. Биргелешкен мониторинг жана балоо тобу (мындан ары БМЖБ тобу) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:

-        А.Насиров. – Майдан айыл аймагынын  айылдык кеңешинин төрагасы.

-        Н.Мурзалиев  – Айыл өкмөттүн коомдук коопсуздук боюнча башкы адиси.

-        А.Сатарова – Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономика байланыш, архитектура курулуш жана транспорт боюнча туруктуу  комиссиясынын төрайымы.

-        Тагаев Ж – “Майдан кызмат көрсөтүү” муниципалдык ишкананын жетекчиси.

-        Шермаматов М – Кара-Жыгач, Кара-Кыштак айылдарынын айыл башчысы.

  1. Жогоруда түзүлгөн БМжБ тобуна ар бир аткарылып жаткан иштерге көзөмөл  жүргүзүп берүү жагы тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция жана тышкы экономика байланыш,  архитектура курулуш жана транспорт боюнча туруктуу  комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Насиров