Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 4- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 22-августу № 4-2
Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылында жайгашкан “Кожоке” мечитине тиешелүү болгон 2962,0 ч.м жер тилкесинен 1500,0 ч.м жер тилкесин “медресе” багытына өзгөртүү жөнүндө
“Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылында жайгашкан “Кожоке” мечитине тиешелүү болгон 2962,0 ч.м жер тилкесинен 1500,0 ч.м жер тилкесин Ноокат районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2023-жылдын 18-августундагы №201 корутундусуна, Ноокат район аралык ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2023-жылдын 18-августундагы №014-1-281 корутундусуна жана элдик жыйындын 2023-жылдын 19-июлундагы №1 протоколуна негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожоке айылында жайгашкан “Кожоке” мечитине тиешелүү болгон 2962,0 ч.м жер тилкесинен 1500,0 ч.м жер тилкесин Ноокат районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын 2023-жылдын 18-августундагы №201 корутундусуна, Ноокат район аралык ооруларды алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 2023-жылдын 18-августундагы №014-1-281 корутундусуна жана элдик жыйындын 2023-жылдын 19-июлундагы №1 протоколуна негиз, “медресе” багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кожоке айылында жайгашкан “Кожоке” мечитине тиешелүү болгон 2962,0 ч.м жер тилкесинен 1500,0 ч.м жер тилкеси “медресе” багытына өзгөртүлүп, “Орозалиева Бусалима” атындагы медресе деп аталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М. Ташиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |