Редакцияот 05.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V- сессиясы

 

2024-жылдын 5-июлу № 5.4/8

Майдан айыл өкмөтүнүн башчысынын 2024-жылдын 16-майдагы чыгыш №01-05/81 сунуш каты  жөнүндө.

Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ахмедовдун чыгыш №01-05/81 сунуш катына негиз  Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык мыйзам чегинде жер ажыратып берүү максатында Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши     

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

  1. Майдан айыл өкмөтүнүн аймагында радиокөзөмөлдөө пунктунун ишин жандандыруу жана тосколдуктарды жоюу максатында контейнер тибиндеги жеңил конструкцияда кеңсе курууга  жер ажыратылып берилсин.
  1. Ушул токтомдун аткаруу жагын айыл өкмөттүн жер адиси Б.Хожихановко жүктөлсүн;
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Б.Ахмедовго милдеттендирилсин.

Төрага

А.Насиров