Редакцияот 05.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V- сессиясы

 

2024-жылдын 5-июлу № 5.4/10

 Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын кайрылуусу жөнүндө.

Майдан айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын кайрылуусун канаттандыруу максатында Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши     

                                             ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 

1.    Элдин көйгөйүн чечиш үчүн Сурма-Таш мамлекеттик коругунун статусун Сурма-Таш жаратылыш паркына же Сурма-Таш Заказнигине өткөрүү зарыл деп белгиленсин;

2.    Сурма-Таш мамлекеттик коругунун очогунан  сырткары Чолок-Кайын, Шыпы, Миң-Жылкы, Бор-Албас, Бебет, Кичи-Бебет, жана Теңизбай жайлоолору жайыт катары элге  кайтаруу жагы суралсын;

3.    Токтомдун аткарылышы Майдан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин;

4.    Токтом Майдан айылдык Кеңешинин расмий сайытына жарияланып мамлекеттик ресстрге киргизүү жана каттоо үчүн, Баткен областык юстиция башкармалыгына жөнотүлсүн;  

5.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

Төрага

А.Насиров