Редакцияот 05.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги V- сессиясы

 

2024-жылдын 5-июлу № 5.4/13

 “Дыйкан” орто мектебинин директору Ч.Э.Ажимуратованын кайрылуусу жөнүндө.

“Дыйкан” орто мектебинин директору Ч.Э.Ажимуратованын кайрылуусун канаатандыруу максатында  Майдан айылдык Кеңеши

                                              ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Майдан айыл өкмөтүнүн  бюджетинен, жаңыдан курулуп жаткан 2-кабаттуу 375 орунду “Дыйкан” орто мектебинин класс кааналарын жана коридорлорун жасалгалоого 350 миң сом акча каражаты ажыратылсын.

 2. Ушул токтомдун аткаруу жагын айыл өкмөттүн   бөлүм башчысы К.Токтосуновго милдеттендирилсин;

 3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана  экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Насиров