Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги VII- сессиясы

 

2024-жылдын 23-августу № 7.3/1

Майдан айыл өкмөтүнүн таза суу долбоору жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Аустан, Кароол, Кереге-Таш, Пум, Майдан, Кара-Жыгач, Кара-Кыштак айылдарында АРИС уюуму тарабынан жүргүзүлүп жаткан таза суу долбоорун проектисине өзгөртү киргизүү жана долбоор белгиленген мөөнөтүндө аяктоо максатында Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Таза суу долбооруна топурак алуучу жайлар даярдалып тез аранын ичинде чечилсин жана  топурак алатурган карьерлеге уруксат берилсин;
  1. Таза суу долбоорунун келечекте жолдун кеңейишине тоскоол болуучу жерлерине жана селканаларга койулуп калган кальцолорго шартка жараша өзгөртүү киргизүү боюнча сунуштар тийиштүү жерлерге айыл өкмөт тарабынан берилсин;
  1. Эгерде технадзор өз ишин так аткарбаса анда мыйзам чегинде баш тартылып башка технадзор жумушка тартылсын;
  1. Жогорудагы пункттарды ишке ашыруу жагы, жалпы эле таза сууга тиешелүү маселелер баары Майдан кызмат көрсөтүү ишканасынын жетекчиси Ж.Тагаевге жүктөлсүн жана айыл Өкмөт бардык тиешелүү документтерин камсыздап жакындан жардам берип аткарышсын;
  1. Жалпы жоопкерчилик айыл Өкмөтүкө  милдеттендирилсин.

Төрага

А.Насиров