Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги VII- сессиясы

 

2024-жылдын 23-августу № 7.3/5

 Амирова Багдагүлдүн кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын Какыр участкасынын тургуну Амирова Багдагүлдүн кайрылуусун карап чыгып,  Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Амирова Багдагүлгө арыздарында көрсөтүлгөн үй жана жер эгерде мыйзамга туура келсе мыйзамдаштырылып берилсин;
  1. Жер адистери тыкыр иликтеп Амирова Багдагүлдүн жагдайын эске алуу менен аукционго мыйзамга ылайык коюлуусуна уруксат берилсин;
  1. Ушул маселе бир айдын ичинде мыйзам чегинде чечилсин;
  1. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүн жер адиси Б. Хожихановко жүктөлсүн;
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовго милдеттендирилсин.

Төрага

А.Насиров