Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги VII- сессиясы

 

2024-жылдын 23-августу № 7.3/7

 “Жаңы доор Исфайрам ”фермердик дыйкан чарбасынын жетекчиси Д.Айдаралиевдин кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Майдан  айылынын тургуну “Жаңы доор  Исфайрам ” фермердик дыйкан чарбасынын жетекчиси Д.Айдаралиевдин  кайрылуусун карап чыгып,  Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. “Жаңы доор Исфайрам” фермердик дыйкан чарбасынын жетекчиси Д.Айдаралиевдин кайрылуусун мыйзам чегинде Баткен облусунун тарифтик классификациясына жана бонитетине  ылайык тариф бекитилип берилсин;
  1. “Жаңы доор Исфайрам” фермердик дыйкан чарбасынын жетекчиси Д.Айдаралиев сурап жаткан 16,8 га анын ичинен (№342-контурунда 1,0 га, №357-контурунда 4,0 га №356-контурунда 0,30 га №353-контурунда 1,80 га, №367-контурунда 0,70 га, №484-контурунда 3,80 га, №360-контурунда 3,10 га, №359-контурунда 2,10 га) жерлер Кыргыз Республикасынын  жер кодексинин 1-берененин 13-пунктуна дал келгендигине байланыштуу КР жер кодексинин 8-берененин 3-пункту, 18-берененин 4-пункту 32-берененин 2,4-пункту жана 34-берененин 1,2-пунктулары  жана Кыргыз Республикасынын  салык кодексинин 410-беренин 4-пунктуна  ылайык каралсын; (Беренелердин көрсөтмөсү тиркелет)
  1. Токтомдун көчүрмөсү Кадмажай райондук мамлекеттик администрациясына берилсин;
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовго милдеттендирилсин.

Төрага

А.Насиров