Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги VII- сессиясы

 

2024-жылдын 23-августу № 7.3/13

 Исфайрам элинин кайрылуусу  жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Исфайрам айылынын тургундарынын кайрылуусун  канааттандыруу максатында Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. У.Исаков орто мектебинин окуучуларын ФАПтын бир каанасын класс катары пайдалануу үчүн  айыл өкмөттүн бюджетинен мыйзам чегинде керектелүүчү акча каражаты ажыратылсын;
  1. Акча каражатын ажыратып берүү  жагын айыл өкмөттүн  бөлүм башчысы К.Токтосуновго жүктөлсүн;
  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовго милдеттендирилсин.

Төрага

А.Насиров