МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги VII- сессиясы
2024-жылдын 23-августу № 7.3/20
Айрыбаз айылынын тургуну Тулаев Алишердин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Кожо-Кайыр эс алуу багынын башчысы Тулаев Алишердин кайрылуусун канааттандыруу максатында Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Кайыр эс алуу багынын оңдоп түзөөгө 350 миң сом акча каражаты айыл өкмөттүн бюджетинен мыйзам чегинде ажыратылсын;
- Акча каражатын ажыратып берүү жагын айыл өкмөттүн бөлүм башчысы К.Токтосуновго жүктөлсүн;
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Насиров |