Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 5- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 3-октябры № 5-4
Админстративдик –аймактык реформанын 1 этабына даярдык көрүү үчүн региондорду өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоорун талкууга коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 Жарлыгына ылайык, Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын 2023-жылдын 3-октябрындагы №01-25/3347 сандуу чыгыш катына негиз, Н. Атаканованын билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 Жарлыгына ылайык, Ноокат райондук мамлекеттик админстрациясынын 2023-жылдын 3-октябрындагы №01-25/3347 сандуу чыгыш каты аткарууга алынсын.
2. Админстративдик–аймактык реформанын 1этабына даярдык көрүү үчүн региондорду өнүктүрүүнүн концепциясынын долбооруна “каршы эместиги” белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ №350 Жарлыгын мыйзам чегинде аткаруу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, коомдук тартип боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |