Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 5- отуруму (сессиясы)

2023-жылдын 3-октябры № 5-7

Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бюджетин жана 2024-2025- жылдарга бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндөгү токтомго өзгүртүү киргизүү жөнүндө

Айыл өкмөтү 2023-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 70911 бөлүмүнүн 3111 беренесинде Пакиза балдар бакчасынын ичине санузел куруу үчүн 200,0 миң сом акча каражаты карлган эле, бирок берене туура келбей калгандыгына байланыштуу башка беренге жылдырууну тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Н.Исанов атындагы айлдык кеңешинин « Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк » боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, иштелип чыгылгандыктан. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115- беренелеринин негизинде депутаттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңеши карап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 70911 бөлүмүнүн 3111 беренесинде Пакиза балдар бакчасынын ичине санузел куруу үчүн каралган 200,0 миң сом акча каражатын ушул эле бөлүмдүн 3112 беренесине жылдырылып, чыгымдоого макулдук берилсин.

 

2. Жогорудагы 200,0 миң сом акча каражатын жылдыруу айыл өкмөттүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына сунушталсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышы көзөмөлдүк кылуу жагы депуттардын Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин « экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

Н. Жолдошов.