Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 5- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 3-октябры № 5-8
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын борборундагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышучуларына арналган эстелик аянтчасына толук брондолгон гусеницалуу аскер машинасын орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын 02-октябрындагы № 01-19/ 1006 сандуу катына, М. Примкуловтун билдирүүсүнө негиз, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Н. Исанов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн 2023- жылдын 02- октябрындагы № 01-19/ 1006 сандуу сураныч каты канааттандырылсын.
2. Н. Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн Жаңы-Базар айылынын борборундагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстелик аянтчасына толук брондолгон гусеницалуу аскер машинасын орнотууга макулдук берилсин.
3. Тиешелүү мекемелерден юридикалык иш кагаздарын даярдап, жер ажыратып, корсотуп берүү жагы Н.Исанов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «айыл чарба жерге жайгаштыруу» боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Ташиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жолдошов |