Н.ИСАНОВ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Н.Исанов атындагы айылдык кеңешинин № 8 чакырылышынын кезектеги 5- отуруму (сессиясы)
2023-жылдын 3-октябры № 5-10
Н.Исанов айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылына бала-бакча салуу үчүн №421 контурундагы О.Кулушов көчөсүнүн түштүк тарабындагы 0,96га айыл чарба багытындагы жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Н . Исанов атындагы айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылынын тургундарынын жыйынынын протоколуна, Н. Исанов айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1-октябрындагы № 01-19/1040 сураныч катына негиз, "Н. Исанов айыл аймагына караштуу Жар-Коргон айылындагы №421 контурундагы О. Кулушов көчөсүнүн түштүк тарабындагы 0, 96 га айыл чарба багытындагы жер тилкесин, "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө " айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин угуп, талкуулап, Н. Исанов атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын "Жер Кодексинин" 12, 15-беренесине, 2013-жылдын 15-июлдагы Кыргыз Республикасынын №145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо жөнүндөгү) Мыйзамынын 7,12-беренесинин 9-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү Жобого ылайык Жар-Коргон айылынын №421 контурундагы 0, 96 га айыл чарба багытындагы жер тилкесин. "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан Өнөр жайынын, транспорттун. байланыштын, энергетиканын , коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) учурдагы ижарага иштетип жаткан адамдар менен ижара келишимин токтоткондон соң, макулдук берилсин.
2. Жар-Коргон айылынын №421 контурдагы О. Кулушов көчөсүнүн түштүк тарабындагы 0, 96 га айыл чарба багытындагы жер тилкесин, "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан " Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которууга (трансформациялоого) иш кагаздарын даярдап, райондук комиссияга сунуштоо Жер боюнча башкы адис М. Маликовго милдеттендирилсин.
3. Жар-Коргон айылынын №421 контурундагы О. Кулушов көчөсүнүн түштүк тарабындагы 0, 96 га айыл чарба багытындагы жер тилкесинин , 0,60 га жер тилкесине 75 орундуу бала бакча , 0,15 га жерге музыкалык мектеп 0,21 га муниципалдык спорт аянтчасы багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин. Аталган жер тилкесинин юридикалык иш кагаздарын даярдоо Ноокат шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан, "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ноокат филиалынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жерге жайгаштыруу боюнча Туруктуу комиссиянын төрагасы М. Ташиевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Жолдошов |