Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2024-жылдын 31-июлу № 73-нпа
КР КЧ 51-01: 2024 «Таш жана армоташ конструкциялары»
Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө
Таш жана армоташ конструкцияларын долбоорлоодо ченемдик-техникалык документтерди жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-июнундагы № 44 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамкурулуш) жөнүндө жобону жетекчиликке алып буйрук кылам:
1. Тиркелген КР КЧ 51-01: 2024 «Таш жана армоташ конструкциялары»Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери бекитилсин.
2. Мамкурулуштун алдындагы Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды кабыл алсын;
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын аймагында КЧжЭ II-22-81 «Таш жана армоташ конструкциялары» колдонулушу токтотулсун.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары Иманакун уулу Талантбекке жүктөлсүн.
Директор Н.К. Орунтаев
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
__________________________________________________________________________________
Курулуштагы ченемдик документтер тутуму
ТАШ ЖАНА АРМОТАШ КОНСТРУКЦИЯЛАРЫ
Каменные и армокаменные конструкции
Stone and reinforced stone structures
КЧжЭ II-22-81
жаңыртылган редакциясы
__________________________________________________________________________________
Киргизүү датасы– 2024.08.17
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул курулуш ченемдерин Кыргыз Республикасынын аймагында жаңыдан тургузулуучу жана реконструкцияланчу ар кандай багыттагы имараттар менен курулмалардын таш жана армоташ конструкцияларын долбоорлоодо сактоо керек.
1.2 Ушул курулуш ченемдери керамика жана силикат кирпичтен, керамика, силикат, бетон, жана ошондой эле ячейкалуу-бетон, табигый таштардан жана блокторду колдонуу менен тургузулуучу конструкцияларды эсептөөгө жана долборлоого талаптарды белгилейт.
1.3 Ушул курулуш ченемдеринин талаптары кошумча иштетилүүчү аймактарда, дайыма тоңголок топурактарда, ошондой эле көпүрөлөрдө, түтүктөрдө жана тоннелдерде, гидротехникалык курулмаларда, жылуулук агрегаттарында динамикалык жүктөмгө дуушар болуучу имараттарды жана курулмаларды долбоорлоого жайылтылбайт.
2 Ченемдик шилтемелер
Ушул курулуш ченемдеринде төмөнкү ченемдик документтерге шилтемелер колдонулган:
КР КЧ 20-02:2024 Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери;
КР КЧ 53-01:2022 Болот конструкциялары. Долбоорлоо ченемдери;
КЧжЭ 2.01.07-85 Жүктөмдөр жана таасирлер;
КЧжЭ 2.02.01-83 Имараттардын жана курулмалардын негиздери;
КЧжЭ 2.03.11-85 Курулуш конструкцияларын коррозиядан сактоо;
МАКЧ 2.04-02-2004 Имараттардын жылуулугун коргоо;
КР КЧ 52-02:2024 Бетон жана темир-бетон конструкциялары. Негизги жоболор;
КР КЭ 54-101:2023 Жыгач конструкциялары;
КР КЧжЭ 52-01-2009 Көтөрүүчү жана тосмолоочу конструкциялар;
КР КЧжЭ 23-02-00 Курулуш климатологиясы;
МАСТ 4.206-83 Продукциянын сапаттык көрсөткүчтөрүнүн системасы. Курулуш. Таш дубал материалдары. Көрсөткүчтөрдүн номекулатурасы;
МАСТ 4.210-79 Продукциянын сапаттык көрсөткүчтөрүнүн системасы. Курулуш. Керамикалык жасалгалоо жана жабуу материалдары. Көрсөткүчтөрдүн номенкатурасы;
МАСТ 4.219-81 Продукциянын сапаттык көрсөткүчтөрүнүн системасы. Курулуш. Табигый таш менен капталган материалдар жана аларды өндүрүү үчүн блоктор. Көрсөткүчтөрдүн номенклатурасы;
МАСТ 4.233-86 Продукциянын сапаттык көрсөткүчтөрүнүн системасы. Курулуш. Курулуш ченемдери. Көрсөткүчтөрдүн номенклатурасы;
МАСТ 379-2015 Кирпич, таштар, блоктор жана силикат бөлүүчү плиткалар. Жалпы техникалык шарттар;
МАСТ 530-2012 Керамикалык кыш жана таш. Жалпы техникалык шарттар;