Редакцияот 23.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги VII- сессиясы

 

2024-жылдын 23-августу № 7.3/24

Айыл өкмөттүн жер адиси Абдилла уулу Манастын сунуштама каты жөнүндө

Айыл өкмөттүн жер адиси Абдилла уулу Манастын сунуштама катына негиз Майдан айыл аймагынын айылдык  Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Айыл өкмөттүн аймагындагы МФнун айдоо суугат 25,0 га, көп жылдык бак дарак 18,0га ,  айдоо кайрак 110,0га, чөп чабынды 81,0га жерлер аукционго коюулсун. Жогоруда айтылган жерлер  бир жаранга 0,50 гадан аукционго коюулуп убактылуу келишим менен берилсин;

2.    Айрыбаз айылынан Ош Баткен унаа жолунун түштүк тарабында жайгашкан 0,45 га  жер аянтын жеңил типтеги соода сатык багытында  0,02 гадан аукционго коюулуп убактылуу келишим менен берилсин;

3.    Айрыбаз айылынын Чукур, Какыр  жана Көк-Талаа айылынын Аэропорт участкаларынан муниципалдык менчиктеги 705 ч.м жер аянтын жекеменчике берүү үчүн аукционго коюулсун.

  1. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүн жер адиси Б. Хожихановко жүктөлсүн;
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

А.Насиров