Редакцияот 28.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII чакырылышы XX сессиясы

 

2024-жылдын 28-августу № 20-4

 

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде ата-энелер тарабынан тамак-аш үчүн төлөнүүчү акча каражатынын тарифин бекитүү жөнүндө

 

2023-жылдын 11-августундагы №179 Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамынын 8-главасынын 28-беренесинин 6-пунктуна ылайык жана ата-энелер тарабынан тамак-аш үчүн төлөнүүчү акча каражатынын тарифин бекитип берүү жөнүндөгү бала бакча жетекчилеринин жазган кайрылууларынын негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    2024-жылдын 1-сентябрынан тартып Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караган  бала-бакчалардагы тарбияланып жаткан балдардын тамак-ашы үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүүчү взнос 1200 ( бир мин эки жүз) сом өлчөмүндө мыйзамга каршылык көрсөтүү менен бекитилсин;

 

2. Ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы бала бакчалардын жетекчилерине милдеттендирилсин;

3. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү 5 бала бакчага 2 000 000 (эки миллион) сомго кошумча план берүү жагы суралсын;

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ат-Башы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Т.Аттокуровго тапшырылсын. 

 

Төрага

 

Э. Толубаев