Редакцияот 28.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII чакырылышы XX сессиясы

 

2024-жылдын 28-августу № 20-7

Ат-Башы айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу Ат-Башы-Ача-Кайыңды, Ат-Башы-Босого-Ак-Жар маршруттук каттамдарынынжол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.Осмоновдун 2024-жылдын 25-августундагы чыгыш №15 сандуу кайрылуу катын кароо жөнүндө

                                                                                        

Ат-Башы айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу Ат-Башы-Ача-Кайыңды, Ат-Башы-Босого-Ак-Жар маршруттук каттамдарынын жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.Осмоновдун кайрылуу катын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Ат-Башы айыл аймагындагы жүргүнчүлөрдү ташуучуАт-Башы-Ача-Кайыңды, Ат-Башы-Босого-Ак-Жар маршруттук каттамдарынын жол кире баасын жогорулатып берүү боюнча “Чеч-Дөбө-Транс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Э.Осмоновдун кайрылуу каты Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин көпчүлүк депутаттарынын каршы билдирүүлөрүнөн улам канааттандыруусуз калтырылгандыгы белгиленсин.

 

Төрага

 

Э. Толубаев