Редакцияот 28.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII чакырылышы XX сессиясы

 

2024-жылдын 28-августу № 20-8

Ат-Башы айылынын “Булаңбаш” участкасындагы мурдагы ат оюндары өтүп жүргөн жайыт жер аянтын кайрадан ипподромкылып пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө

 

Ат-Башы айылынын “Булаңбаш” участкасындагы мурдагы ат оюндары өтүп жүргөн жайыт жер аянтын кайрадан ипподром кылып пайдаланууга макулдук берүү жөнүндөгүАт-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевдин сунушунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ат-Башы айылынын “Булаңбаш” участкасындагы мурдагы ат оюндары өтүп жүргөн жайыт жер аянтын кайрадан ипподром кылып пайдаланууга макулдук берилсин;

                                                       

2. Жогорудагы жер аянтына оюн-зоок, ат оюндарын өткөрүү жылдын 1-октябрынан 1-апрелине чейинки убакытка уруксат берилсин;

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге милдеттендирилсин. 

 

 

Төрага

 

Э. Толубаев