Редакцияот 28.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII чакырылышы XX сессиясы

 

2024-жылдын 28-августу № 20-11

Ат-Башы айыл аймагынына Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИСтин) АИД-3КК долбоору аркылуу келген жабдууларды ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун (АРИСтин) 2024-жылдын 16-июлундагы чыгыш №05-595 сандуу катын угуп жана талкуулап, АИД-3КК долбоорунун алкагында тандалып алынган бизнес-өнөктөштөр менен ижара келишимин түзүү максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.           Бизнес-өнөктөш Баймурзаева Салкынга Ак-Жар айылына АРИСтин АИД-3КК долбоору аркылуу “Сүттү кайра иштетүү” боюнча алынып келинген жабдууларды убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин;

 

2. Бизнес-өнөктөш Чаршенаалы уулу Кутманга Ача-Кайынды айылына АРИСтин АИД-3КК долбоору аркылуу “Айыл чарба техникасын шаймандары менен алуу” боюнча алынып келинген айыл чарба техникасы шаймандары менен убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин;

 

3. Бизнес-өнөктөш Алмакунов Максатка Ак-Жар айылына АРИСтин АИД-3КК долбоору аркылуу “Таштандыны кайра иштетип  чыгууга жабдууларды алуу” боюнча алынып келинген жабдууларды убактылуу пайдалануу үчүн ижарага берүүгө макулдук берилсин;

 

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Докоевге жүктөлсүн;

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин билим берүү, саламаттыкты сактоо, жаштар, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

 

Э. Толубаев