Редакцияот 28.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ 

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII чакырылышы XX сессиясы

 

2024-жылдын 28-августу № 20-12

Ат-Башы айылынын Ой-Терскен көчөсүнө эмгек ветераны, Социалисттик эмгектин женүүчүсү жана Ленин орденинин ээси,маркум Жаныгулов Мамбетаалынын ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

          Ат-Башы айылынын тургуну Н. Жаныгулованын атасы маркум Жаныгулов Мамбетаалынын атын ыйгаруу жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген «Мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби туралуу» Жобонун негизинде 2024-жылдын 27-августундагы Ат-Башы айылынын Ой-Терскен көчөсүнүн жашоочуларынын чогулушунун протоколун эске алып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.              Ат-Башы айылынын Ой-Терскен көчөсүнө эмгек ветераны, Социалисттик эмгектин женүүчүсү жана Ленин орденинин ээси, маркум Жаныгулов Мамбетаалынынысымыыйгарылсын;

               

2. Көчөнүн атын өзгөртүүгө байланышкан баардык чыгымдарды каржылоо жана катар номерлерин жасатып илүү жагы Жаныгулов Мамбетаалынын балдарына милдеттендирилсин.

 

Төрага

 

Э. Толубаев