ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 4-июлу № 7/1
2024-2026-жылдарга бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорун бекитүү тууралуу
Орок айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековдун 2024-2026-жылдарга бюджеттин долбоорун киреше жана чыгаша бөлүгүндө кароо жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-пунктун жетекчиликке алып,Орок айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоору №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2024-жылга -19295,8,0 миң сом, анын ичинде атайын эсеби -3200,0 миң сом.
2025-жылга -19814,9 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеби -3220,0 миң сом.
2026-жылга -19874,1 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеби -3230,0 миң сом.
2. 2024-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн долбоору № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2024-жылга 19295,8 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеби - 3200,0 миң сом.
2025-жылга -19814,9 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеби - 3220,0 миң сом.
2026-жылга - 19874,1 миң сом суммасында, анын ичинде атайын эсеби - 3230,0 миң сом.
3. Ушул 2024-2026-жылдарга бюджеттин долбоору Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы | У. Бекболотов |