Редакцияот 04.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 4-июлу № 7/2

 

Орок айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө

 

Орок айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековдун, Орок айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылдын 4-июлундагы №8 протоколуна ылайык, Орок айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер тилкелерин муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө, кайрылуусун угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5,17-пунктарын жетекчиликке алып, Орок айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орок айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылдын 4-июлундагы №8 протоколуна ылайык, Орок айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан жер тилкелери муниципалдык менчикке кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын алдындагы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынан төмөндөгү жер тилкелерине мөөнөтсүз пайдаланууга мамлекеттик актылар алынсын:

- Төмөнкү-Орок айылы Долбоорлонгон көчөсүнүн № 97а үйүнүн аймагындагы аянты 2 сотых жер тилкесин (ашыкча жер).

-Кашка-Баш айылы, спорт сарайынын аймагындагы аянты -9,5 сотых жер тилкесин.

-Жал айылы, Шаршенов көчөсүнүн №9а үйүнүн аймагындагы аянты -3 сотых жер тилкесин.

-Сарбан айылы, Алжанбай Ажы көчөсүнүн №41 үйүнүн тушундагы аянты -5 сотых сотых жер тилкесин.

-Жогорку-Орок айылы, Төмөнкү-Орок айылы №166 контурунун жол жээгиндеги 10,38 га (мектеп) электрмамылардын астындагы аянты 2 га сотых жер тилкесин.

- Суу алуучу мунараны калыбына келтирүү үчүн Звероферма контурундагы аянты 2 сотых жер тилкесин.

-Селекционное айылы Кипкалова көчөсүнүн №20 спорт залынын аймагындагы аянты -0,6 сотых сотых жер тилкесин (ашыкча жер).

-Селекционное айылы Салкын-Төр Долбоордук көчөсүнүн №19 үйүнүн аймагындагы аянты -2,85 сотых сотых жер тилкесин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Адылбековго жүктөлсүн.

 

 

Орок айылдык кеңешинин төрагасы

У. Бекболотов