ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз XX (жыйырманчы) сессиясы
2023-жылдын 11-сентябры № 148/XX-28
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2023-жылдын 06-июнундагы “Алмалуу айылындагы Б.Казымкулов көчөсүндө жайгашкан 0,11га жер тилкесин “спорт зал” курууга макулдук берүү жөнүндө” №134/ⅩVIII-28 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ысык-Ата айылдык Кенешинин регламентине ылайык, Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын талаптарына Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2023-жылдын 06-июнунда кабыл алынган №134/ΧVΙΙI-28 токтому ылайык келбегендиктен,Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Ата айылдык Кенешинин 2023-жылдын 06-июнунда кабыл алынган №134/ΧVΙΙI-28 токтому жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын Ысык-Ата айылдык Кенешинин социалдык жана юридикалык маселеси боюнча туруктуу комиссиясы көзөмөлгө алсын.
3. Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |