Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры  № 115

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы  “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө”№370 жарлыгын аткарууга алуу максатында 2024-жылдын 5-сентябрындагы айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн  негизинде депутаттар арасында кенири талкууланып карап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVII сессиясы токтом кылат:

1.    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы  “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” №370 жарлыгын аткарууга алуу колдоого алынсын.

2.    Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын денгээлинде пилоттук режимде административдик –аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө”№370 жарлыгын аткарууга алуу үчүн, Суу-Башы айыл аймагына Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум жана Кара-Булак айылдары кошулуп жаныдан Суу-Башы айыл аймагы болуп түзүлгөндүгүнө макулдук берилсин.

3.    Административдик –аймактык түзүлүштүн  алкагында жаны уюшулган        Суу-Башы айыл аймагынын административдик  чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

Төрага

А.Бөрүев