Редакцияот 05.09.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезекcиз ХXXVII сессиясы

 

2024-жылдын 5-сентябры  № 117

 

Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХVI сессиясынын макулдук берүү жөнүндөгү 2024-жылдын 20-августундагы №112 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө.

 

 

Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын  20-июлундаы № 241 мыйзамынын 17-  беренисине ылайык, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановдун билдирүүсүнүн негизинде Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезектеги ХХХVI сессиясынын макулдук берүү жөнүндөгү 2024-жылдын 20-августундагы №112 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү максатында Суу-Башы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын  кезексиз  ХХХVII сессиясы  токтом кылат:

1.  №130-контурундагы 0,30га жайыт жер, № 131-контурундагы 2,65га жайыт жер, № 296-контурундагы 1га жайыт жер,№136-контурундагы 4,22га жайыт жерлеринин  жалпы аянты 3,95га жер аянты болуп туура эмес жазылгандыгына байланыштуу жалпы 8,17га жайыт жер аянты болуп өзгөртүлүп, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Боз-Адыр айылындагы  асылдуулугу төмөн айыл чарба жерин өздөштүрүү  үчүн  жана айыл-чарба өндүрүшүн  жүргүзүү үчүн  8,17га жер аянтын көп жылдык мөмө-жемиш бактарына айландыруу максатында,”Жайыт”жер түрүнөн “Айыл-чарба багытындагы көп жылдык мөмө жемиш бактар” түрүнө которууга  макулдук берилсин.

 

2 . Токтомду аткарууга алуу жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дыйкановго милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңешинин айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Бөрүев