Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ (VI чакырылышы)

2024-жылдын 29-августу № 2

Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагындагы муниципалдык менчикте турган калктуу конуштардын ичиндеги жерлердин ижара акысын 2024-2027-жылдарга карата бекитүү жөнүндө.

Раззаков шаарынын мэриясынын  Раззаков шаарынын жана шаарга караштуу айылдардын аймагындагы муниципалдык менчикте турган калктуу конуштардын ичиндеги жерлердин ижара акысын 2024-2027-жылдарга карата бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө»  Мыйзамынын 27- жана 34-беренелерине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы

                                                   

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

  1. Жеке менчик жер участокторунун ашыкча болгон жерлерин ижарага берүү мөөнөтү 2 жыл 11ай жана ижара акысы (1 сотых жер үчүн) 250сом өлчөмүндө ал эми бош жаткан айыл чарбасына жараксыз жерлерди көрктөндүрүү үчүн ижарага берүү мөөнөтү 2 жыл 11ай жана ижара акысы (1 сотых жер үчүн) 400сом өлчөмүндө бекитилсин.
  1. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Б.Б.Айтемиров