ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ысык-Ата айылдык Кенешинин 28-чакырылган кезексиз XX (жыйырманчы) сессиясы
2023-жылдын 11-сентябры № 150/XX-28
О.Болобалаев орто мектебинин от калоочу жайынын трубасын жана 100 м.кв. жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндө
"Мурда сатылып кеткен О.Болобалаев орто мектебинин от калоочу жайынын трубасын жана 100 м.кв. жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндө" маселесин Ысык-Ата айылдык Кенешинин депутаттары карап, талкуулап чыгып, 2002-жылдын 15-мартындагы Nº37 "Мулкке муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин негизинде Ысык-Ата айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурда сатылып кеткен О.Болобалаев орто мектебинин от калоочу жайынын трубасын жана 100 м.кв. жер тилкесин айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Ысык-Ата филиалынан мыйзам чегинде кайрадан каттоо жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык Кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Ж.Бейшекеев |