АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылынын 02-августу №31
“Атай айылдык кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилде
кабыл алуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамынын 26-беренесинин, 1-бөлүмүнүн, 1-бөлүмчөсүнө ылайык, Атай айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 39-беренесин 2-бөлүмүн жетекчилике алып, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги
V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилде (кыргыз тилинде) кабыл алынсын.
- Аталган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Токтом расмий жарыялангандан кийин, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
- Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Мейманбековко тапшырылсын.
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Н.Т. Жеенбаев |