Редакцияот 02.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V-чакырылышынын кезектеги V сессиясынын

 

2024-жылынын 02-августу №29

 

“Атай айыл аймагынын жергиликтүү жамааттынын Уставын бекитүү жөнүндө”

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 21-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкулоо боюнча, Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматованын маалыматын угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги чакырылган V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Атай айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркелет).
  2. Кабыл алынган токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Аталган токтом, тиркемеси менен расмий жарыялангандан кийин, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
  3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке жана Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы:

 

Н.Т. Жээнбаев