Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Сүлүктү шаардык кенешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XХХХII сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 193

Сүлүктү шаарынын 2025-жылга карата түрткү  берүүчү грантка сунушталуучу долбоорлордун өздүк салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө

Сүлүктү шаарынын 2025-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган долбоорлордун кошумча каржылоо салымын жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын                           21-апрелиндеги №230 токтомунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.     Сүлүктү шаарынын 2025-жылга карата түрткү берүүчү грантка сунушталган төмөнкү долбоорлорунун өздүк салымын жергиликтүү  бюджеттин эсебинен каржылоо үчүн  2025-жылдын бюджетине киргизилсин;

1. Сүлүктү шаарындагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун  эски терапия   бөлүмүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорунун өздүк салымы 1 500 000 сом. (25%)

2. М.Т. .Ибрагимов атындагы  № 3 орто мектебинин айнек терезелерин алмаштыруу долбоорунун өздүк салымы– 1 500 000 сом. (25%)

3.  В.И.Ленин атындагы  № 1 орто мектебинин  айнек терезелерин алмаштыруу долбоорунун өздүк салымы 1 500 000 сом. (25%)

4. Бакыбек көчөсүн капиталдык ремонтон өткөрүү, асфальт төшөө долбоорунун өздүк салымы  – 1 500 000 сом. (25%)

5.  Сүлүктү шаарындагы эс алуу багын реконструкциялоо долбоорунун өздүк салымы – 1 500 000 сом. (25%)

6.   Сүлүктү шаарынын мэриясынын имаратынын сырткы фасадын ондоо долбоорунун өздүк салымы – 1 500 000 сом. (25%)

7. Кошбулак поселкасындагы   Деканов, Т.Марипов көчөлөрүнө асфальт төшөө долбоорунун өздүк салымы   – 1 000 000 сом. (20%)

1.     Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

М.А.Кутбидинов