Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Сүлүктү шаардык кенешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XХХХII сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 195

А. Кайымкулов атындагы  №6 орто мектебинин базасындагы ачылган  бала бакчанын чатырын жабуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 518 931 сом  акча каражатын бөлүү жөнүндө

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 14.08.2024ж. 01-12/2165 чыгыш сандагы                  А. Кайымкулов атындагы  №6 орто мектебинин базасындагы бала бакчанын чатырын жабуу үчүн  жергиликтүү бюджеттин эсебинен 518 931 сом  акча каражатын бөлүү боюнча каты жөнүндө Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.А. Кайымкулов атындагы  №6 орто мектебинин базасындагы ачылган  бала бакчанын чатырын жабуу үчүн Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин 3111 беренесинен   518 931 сом  акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин 

1.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М.А.Кутбидинов