Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Сүлүктү шаардык кенешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XХХХII сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 199

Сүлүктү шаарынын И.Элмуратов, М. Амраев, Н. Отбасаров көчөлөрүнүн жол четинде бетон тосмолорун орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 390 000 сом акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 10.07.2024ж. 01-7/1836 чыгыш сандагы   Сүлүктү шаарынын И.Элмуратов, М. Амраев, Н. Отбасаров көчөлөрүнүн жол четинде бетон тосмолорун орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 390 000 сом акча каражатын бөлүү боюнча каты жөнүндө Сүлүктү шаардык кеӊешинин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34-беренесинин пунктунун негизинде Сүлүктү шаардык кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сүлүктү шаарынын И.Элмуратов, М. Амраев, Н. Отбасаров көчөлөрүнүн жол четинде бетон тосмолорун орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 390 000 сом акча каражатын бөлүүгө макулдук берилсин
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.А.Кутбидинов