Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Сүлүктү шаардык кенешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XХХХII сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 200

Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 20.08. 2024ж. №01-12/2253 сандагы Сүлүктү шаарынын мэриясынын кадрдык өзгөрүүгө байланыштуу мэриянын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү  катын талкуулап 09.07.2013ж. №117 Кыргыз Республикасынын “Турак жай” Кодексинин  12 – беренесинин 5 – пунктунун жана 14-беренесинин негизинде  Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Шаардык кеӊештин XXXVIII сессиясынын 17.05.  №178 токтому менен бекитилген  Сүлүктү шаарынын мэриясынын алдындагы “Муниципалдык менчиктеги турак жай фондусун бөлүштүрүү жана менчиктештирүү” боюнча комиссиясынын курамы өзгөртүүлөр менен төмөнкүдөй курамда бекитилсин: 

 

1. Айтматов М. М. - шаардын мэринин орун басары - комиссиянын төрагасы;

2. Арстанбеков М.А.  . - Сүлүктү шаарынын  мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин жетектөөчү адиси - комиссиянын катчысы;

 

Мүчөлөрү:

 

3. Калакулов С.К.  - Сүлүктү шаарынын   мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик мекемесинин башчысынын м.а.

4. Жолдошов.  - Сүлүктү шаарынын мэриясынын адиси –юрист

5. Мырзабеков Д.А. – Сүлүктү шаардык шаар курулушу жана архитектура башкармалыгынын башчысы;

6. Исраилов А.П. - “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сүлүктү-Лейлек филиалынын башкы жер адиси;

7 Жалилов М.Ж. - “Сүлүктү-Тазалык” МИнын башчысы;

8. Самадова Г.Х. -  шаардык кеӊештин депутаты;

9. Карабаев Г.М.  – шаардык кеӊештин депутаты;

10. Исканов М.И. – Сүлүктү шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башчысы

11. Эрискулов А.-  Коомдук активист.

 

2.    Комиссиянын ишин тийиштүү мыйзамдарда каралган талаптарга ылайык жүргүзүлүүсүн көзөмөлдөө жагы шаардын мэринин орун басары М.М.Айтматовго милдеттендирилсин;

3.    Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Муниципалдык менчик, курулуш жана архитектура” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрага

М.А.Кутбидинов