Редакцияот 29.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

Сүлүктү шаардык кенешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз XХХХII сессиясы

 

2024-жылдын 29-августу № 202

Сүлүктү шаарынын мэриясынын, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ортосунда түзүлгөн 2024-2025-2026 жылдар үчүн  билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, социалдык, турмуш тиричилик шарттарын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча макулдашуусун бекитүү жөнүндө

 

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн 15.07.2024ж. №10 сандагы  Сүлүктү шаарынын мэриясынын, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ортосунда түзүлгөн 2024-2025-2026 жылдар үчүн  билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, социалдык, турмуш тиричилик шарттарын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча макулдашуусун бекитүү жөнүндө катын карап, талкуулап  Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаарынын мэриясынын, Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн жана билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин ортосунда түзүлгөн 2024-2025-2026 жылдар үчүн  билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, социалдык, турмуш тиричилик шарттарын жакшыртуу жана укуктарын коргоо боюнча макулдашуусу бекитилсин
  2. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин “Мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, жергиликтүү сыйлыктар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Төрага

М.А.Кутбидинов